Kyrgyz Mokhtasar — Tekvir 81:1 – Nas 114:6
Contents
- Tekvir 81:1
- Tekvir 81:2
- Tekvir 81:3
- Tekvir 81:4
- Tekvir 81:5
- Tekvir 81:6
- Tekvir 81:7
- Tekvir 81:8
- Tekvir 81:9
- Tekvir 81:10
- Tekvir 81:11
- Tekvir 81:12
- Tekvir 81:13
- Tekvir 81:14
- Tekvir 81:15
- Tekvir 81:16
- Tekvir 81:17
- Tekvir 81:18
- Tekvir 81:19
- Tekvir 81:20
- Tekvir 81:21
- Tekvir 81:22
- Tekvir 81:23
- Tekvir 81:24
- Tekvir 81:25
- Tekvir 81:26
- Tekvir 81:27
- Tekvir 81:28
- Tekvir 81:29
- İnfitar 82:1
- İnfitar 82:2
- İnfitar 82:3
- İnfitar 82:4
- İnfitar 82:5
- İnfitar 82:6
- İnfitar 82:7
- İnfitar 82:8
- İnfitar 82:9
- İnfitar 82:10
- İnfitar 82:11
- İnfitar 82:12
- İnfitar 82:13
- İnfitar 82:14
- İnfitar 82:15
- İnfitar 82:16
- İnfitar 82:17
- İnfitar 82:18
- İnfitar 82:19
- Mütaffifin 83:1
- Mütaffifin 83:2
- Mütaffifin 83:3
- Mütaffifin 83:4
- Mütaffifin 83:5
- Mütaffifin 83:6
- Mütaffifin 83:7
- Mütaffifin 83:8
- Mütaffifin 83:9
- Mütaffifin 83:10
- Mütaffifin 83:11
- Mütaffifin 83:12
- Mütaffifin 83:13
- Mütaffifin 83:14
- Mütaffifin 83:15
- Mütaffifin 83:16
- Mütaffifin 83:17
- Mütaffifin 83:18
- Mütaffifin 83:19
- Mütaffifin 83:20
- Mütaffifin 83:21
- Mütaffifin 83:22
- Mütaffifin 83:23
- Mütaffifin 83:24
- Mütaffifin 83:25
- Mütaffifin 83:26
- Mütaffifin 83:27
- Mütaffifin 83:28
- Mütaffifin 83:29
- Mütaffifin 83:30
- Mütaffifin 83:31
- Mütaffifin 83:32
- Mütaffifin 83:33
- Mütaffifin 83:34
- Mütaffifin 83:35
- Mütaffifin 83:36
- İnşikak 84:1
- İnşikak 84:2
- İnşikak 84:3
- İnşikak 84:4
- İnşikak 84:5
- İnşikak 84:6
- İnşikak 84:7
- İnşikak 84:8
- İnşikak 84:9
- İnşikak 84:10
- İnşikak 84:11
- İnşikak 84:12
- İnşikak 84:13
- İnşikak 84:14
- İnşikak 84:15
- İnşikak 84:16
- İnşikak 84:17
- İnşikak 84:18
- İnşikak 84:19
- İnşikak 84:20
- İnşikak 84:21
- İnşikak 84:22
- İnşikak 84:23
- İnşikak 84:24
- İnşikak 84:25
- Büruc 85:1
- Büruc 85:2
- Büruc 85:3
- Büruc 85:4
- Büruc 85:5
- Büruc 85:6
- Büruc 85:7
- Büruc 85:8
- Büruc 85:9
- Büruc 85:10
- Büruc 85:11
- Büruc 85:12
- Büruc 85:13
- Büruc 85:14
- Büruc 85:15
- Büruc 85:16
- Büruc 85:17
- Büruc 85:18
- Büruc 85:19
- Büruc 85:20
- Büruc 85:21
- Büruc 85:22
- Târık 86:1
- Târık 86:2
- Târık 86:3
- Târık 86:4
- Târık 86:5
- Târık 86:6
- Târık 86:7
- Târık 86:8
- Târık 86:9
- Târık 86:10
- Târık 86:11
- Târık 86:12
- Târık 86:13
- Târık 86:14
- Târık 86:15
- Târık 86:16
- Târık 86:17
- A'lâ 87:1
- A'lâ 87:2
- A'lâ 87:3
- A'lâ 87:4
- A'lâ 87:5
- A'lâ 87:6
- A'lâ 87:7
- A'lâ 87:8
- A'lâ 87:9
- A'lâ 87:10
- A'lâ 87:11
- A'lâ 87:12
- A'lâ 87:13
- A'lâ 87:14
- A'lâ 87:15
- A'lâ 87:16
- A'lâ 87:17
- A'lâ 87:18
- A'lâ 87:19
- Gâşiye 88:1
- Gâşiye 88:2
- Gâşiye 88:3
- Gâşiye 88:4
- Gâşiye 88:5
- Gâşiye 88:6
- Gâşiye 88:7
- Gâşiye 88:8
- Gâşiye 88:9
- Gâşiye 88:10
- Gâşiye 88:11
- Gâşiye 88:12
- Gâşiye 88:13
- Gâşiye 88:14
- Gâşiye 88:15
- Gâşiye 88:16
- Gâşiye 88:17
- Gâşiye 88:18
- Gâşiye 88:19
- Gâşiye 88:20
- Gâşiye 88:21
- Gâşiye 88:22
- Gâşiye 88:23
- Gâşiye 88:24
- Gâşiye 88:25
- Gâşiye 88:26
- Fecr 89:1
- Fecr 89:2
- Fecr 89:3
- Fecr 89:4
- Fecr 89:5
- Fecr 89:6
- Fecr 89:7
- Fecr 89:8
- Fecr 89:9
- Fecr 89:10
- Fecr 89:11
- Fecr 89:12
- Fecr 89:13
- Fecr 89:14
- Fecr 89:15
- Fecr 89:16
- Fecr 89:17
- Fecr 89:18
- Fecr 89:19
- Fecr 89:20
- Fecr 89:21
- Fecr 89:22
- Fecr 89:23
- Fecr 89:24
- Fecr 89:25
- Fecr 89:26
- Fecr 89:27
- Fecr 89:28
- Fecr 89:29
- Fecr 89:30
- Beled 90:1
- Beled 90:2
- Beled 90:3
- Beled 90:4
- Beled 90:5
- Beled 90:6
- Beled 90:7
- Beled 90:8
- Beled 90:9
- Beled 90:10
- Beled 90:11
- Beled 90:12
- Beled 90:13
- Beled 90:14
- Beled 90:15
- Beled 90:16
- Beled 90:17
- Beled 90:18
- Beled 90:19
- Beled 90:20
- Şems 91:1
- Şems 91:2
- Şems 91:3
- Şems 91:4
- Şems 91:5
- Şems 91:6
- Şems 91:7
- Şems 91:8
- Şems 91:9
- Şems 91:10
- Şems 91:11
- Şems 91:12
- Şems 91:13
- Şems 91:14
- Şems 91:15
- Leyl 92:1
- Leyl 92:2
- Leyl 92:3
- Leyl 92:4
- Leyl 92:5
- Leyl 92:6
- Leyl 92:7
- Leyl 92:8
- Leyl 92:9
- Leyl 92:10
- Leyl 92:11
- Leyl 92:12
- Leyl 92:13
- Leyl 92:14
- Leyl 92:15
- Leyl 92:16
- Leyl 92:17
- Leyl 92:18
- Leyl 92:19
- Leyl 92:20
- Leyl 92:21
- Duhâ 93:1
- Duhâ 93:2
- Duhâ 93:3
- Duhâ 93:4
- Duhâ 93:5
- Duhâ 93:6
- Duhâ 93:7
- Duhâ 93:8
- Duhâ 93:9
- Duhâ 93:10
- Duhâ 93:11
- İnşirah 94:1
- İnşirah 94:2
- İnşirah 94:3
- İnşirah 94:4
- İnşirah 94:5
- İnşirah 94:6
- İnşirah 94:7
- İnşirah 94:8
- Tin 95:1
- Tin 95:2
- Tin 95:3
- Tin 95:4
- Tin 95:5
- Tin 95:6
- Tin 95:7
- Tin 95:8
- Alak 96:1
- Alak 96:2
- Alak 96:3
- Alak 96:4
- Alak 96:5
- Alak 96:6
- Alak 96:7
- Alak 96:8
- Alak 96:9
- Alak 96:10
- Alak 96:11
- Alak 96:12
- Alak 96:13
- Alak 96:14
- Alak 96:15
- Alak 96:16
- Alak 96:17
- Alak 96:18
- Alak 96:19
- Kadr 97:1
- Kadr 97:2
- Kadr 97:3
- Kadr 97:4
- Kadr 97:5
- Beyyine 98:1
- Beyyine 98:2
- Beyyine 98:3
- Beyyine 98:4
- Beyyine 98:5
- Beyyine 98:6
- Beyyine 98:7
- Beyyine 98:8
- Zilzal 99:1
- Zilzal 99:2
- Zilzal 99:3
- Zilzal 99:4
- Zilzal 99:5
- Zilzal 99:6
- Zilzal 99:7
- Zilzal 99:8
- Adiyat 100:1
- Adiyat 100:2
- Adiyat 100:3
- Adiyat 100:4
- Adiyat 100:5
- Adiyat 100:6
- Adiyat 100:7
- Adiyat 100:8
- Adiyat 100:9
- Adiyat 100:10
- Adiyat 100:11
- Karia 101:1
- Karia 101:2
- Karia 101:3
- Karia 101:4
- Karia 101:5
- Karia 101:6
- Karia 101:7
- Karia 101:8
- Karia 101:9
- Karia 101:10
- Karia 101:11
- Tekâsür 102:1
- Tekâsür 102:2
- Tekâsür 102:3
- Tekâsür 102:4
- Tekâsür 102:5
- Tekâsür 102:6
- Tekâsür 102:7
- Tekâsür 102:8
- Asr 103:1
- Asr 103:2
- Asr 103:3
- Hümezeh 104:1
- Hümezeh 104:2
- Hümezeh 104:3
- Hümezeh 104:4
- Hümezeh 104:5
- Hümezeh 104:6
- Hümezeh 104:7
- Hümezeh 104:8
- Hümezeh 104:9
- Fil 105:1
- Fil 105:2
- Fil 105:3
- Fil 105:4
- Fil 105:5
- Kureyş 106:1
- Kureyş 106:2
- Kureyş 106:3
- Kureyş 106:4
- Mâûn 107:1
- Mâûn 107:2
- Mâûn 107:3
- Mâûn 107:4
- Mâûn 107:5
- Mâûn 107:6
- Mâûn 107:7
- Kevser 108:1
- Kevser 108:2
- Kevser 108:3
- Kâfirun 109:1
- Kâfirun 109:2
- Kâfirun 109:3
- Kâfirun 109:4
- Kâfirun 109:5
- Kâfirun 109:6
- Nasr 110:1
- Nasr 110:2
- Nasr 110:3
- Tebbet 111:1
- Tebbet 111:2
- Tebbet 111:3
- Tebbet 111:4
- Tebbet 111:5
- İhlas 112:1
- İhlas 112:2
- İhlas 112:3
- İhlas 112:4
- Felak 113:1
- Felak 113:2
- Felak 113:3
- Felak 113:4
- Felak 113:5
- Nas 114:1
- Nas 114:2
- Nas 114:3
- Nas 114:4
- Nas 114:5
- Nas 114:6
Tekvir 81:1
Күндүн бөлүкчөлөрү жуурулушуп, анын нуру өчкөндө.
Tekvir 81:2
Жылдыздар күбүлүп, жарыктары кеткенде.
Tekvir 81:3
Тоолор өз ордунан кыймылга келгенде.
Tekvir 81:4
Ээлери атаандашкан бооз төөлөр ээси жок кароосуз калганда.
Tekvir 81:5
Жапайы айбанаттар адамзат менен кошо бир жерге топтолуп калганда.
Tekvir 81:6
Деңиздер от болуп жанганда.
Tekvir 81:7
Жандар өзүнө окшогондор менен биригип, бузуку бузуку менен, такыба такыба менен бирге болгондо.
Tekvir 81:8
Аллах тирүүлөй көмүлгөн наристе кыздардан сураганда.
Tekvir 81:9
Сени өлтүргөн адам кайсы күнөөң үчүн өлтүрдү деп.
Tekvir 81:10
Пенделердин ар бири өзүнүн амал баракчасын окуш үчүн аларга амал баракчалары таркатылганда.
Tekvir 81:11
Асман койдун териси сыйрылган сыяктуу сыйрылганда.
Tekvir 81:12
Тозок жандырылганда.
Tekvir 81:13
Бейиш такыбаларга жакындатылганда.
Tekvir 81:14
Ушулар болгон кезде ар бир жан бул күнгө кандай иш-аракеттерди даярдаганын билет.
Tekvir 81:15
Аллах түндөсү жаркыраганга чейинки жашыруун жылдыздар менен ант берди.
Tekvir 81:16
Алар өз орбитасында жүрүшөт, таң агарганда антилопа бадалдарга жашынган сыяктуу көрүнбөй калышат.
Tekvir 81:17
Жана кирип келген түндүн башталышы жана кетип бараткан түндүн акыры менен ант берди.
Tekvir 81:18
Ошондой эле нурун чачкан таң менен ант берди.
Tekvir 81:19
Чындыгында Мухаммадга түшкөн Куран – Аллахтын сөзү. Аны ага Аллах аманат кылган чынчыл периште Жебреил жеткирген.
Tekvir 81:20
Ал Арштын Раббисинин алдында улуу даражага ээ болгон кубаттуулук ээси.
Tekvir 81:21
Асмандагылар ага баш ийишет жана ал вахийди жеткирүүгө ишенимдүү.
Tekvir 81:22
Силер менен бирге жүргөн, силер анын акылдуулугун, аманаткөйлүгүн жана чынчылдыгын билген Мухаммад, силер жалаа жапкандай жинди эмес.
Tekvir 81:23
Ал досуңар Жебреилди асман мейкиндигинде өз жаратылган келбетинде ачык көрдү.
Tekvir 81:24
Ал досуңар силерге жеткир деп буйрулган нерсени жеткирүүдө сараң эмес жана ал көзү ачыктарга окшоп акы да албайт.
Tekvir 81:25
Жана бул Куран Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын сөзү эмес.
Tekvir 81:26
Бул далилдерден кийин анын Аллахтан экенин четке кагуу үчүн дагы кандай жолдорго барасыңар?
Tekvir 81:27
Куран жиндер менен адамзат үчүн эскертме жана насыйкат.
Tekvir 81:28
Араңарда акыйкат жолго түшүүнү каалагандар үчүн.
Tekvir 81:29
Бүткүл макулуктардын Раббиси силерге туура жолду же башка нерсени каалаганда гана силер ошону каалайсыңар.
İnfitar 82:1
Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда.
İnfitar 82:2
Жылдыздар күбүлүп түшкөндө.
İnfitar 82:3
Деңиздер бири-бирине ачылып кошулганда.
İnfitar 82:4
Кабырдагы өлүктөр кайра тирилүү үчүн анын топурагы оодарылганда.
İnfitar 82:5
Ошол кезде ар бир жан кандай иш-аракет даярдаганын жана кайсынысын кылбастан таштап койгондугун билет.
İnfitar 82:6
Эй, Раббисине каапырлык кылган инсан! Раббиң кең пейилдиги менен сага мөөнөт берип, сени жазалоого шашылбаган кезде Анын буйругуна каршы чыгууңа эмне себеп болду?
İnfitar 82:7
Ал сени жок жерден жаратты жана дене-мүчөлөрүңдү келишкен турпатта кылды.
İnfitar 82:8
Ал сени Өзү каалаган келбетте жаратты жана сага жакшылык кылды, анткени ал сени эшектин же маймылдын же иттин же башка нерселердин келбетинде жараткан жок.
İnfitar 82:9
Эй, алдангандар! Абал силер элестеткендей эмес. Бирок силер сурак күнүн жалганга чыгардыңар, ал үчүн аракет да кылбадыңар.
İnfitar 82:10
Чындыгында силердин үстүңөрдө иш-аракеттериңерди сактоочу периштелер бар.
İnfitar 82:11
Аллахтын алдында ардактуулар, силердин иш-аракеттериңерди жазуучулар.
İnfitar 82:12
Силер кандай иш кылбагыла, алар аны билип жазып турушат.
İnfitar 82:13
Чындыгында жакшылык иштерди жана ибадаттарды көп кылгандар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат.
İnfitar 82:14
Чындыгында күнөөкөр адамдар жалындаган тозокто болушат.
İnfitar 82:15
Алар ага сурак күнү киришет, анын ысыктык азабын тартышат.
İnfitar 82:16
Алар андан эч качан жок болуп кетишпейт, ал жакта түбөлүк калышат.
İnfitar 82:17
Оо, пайгамбар! Сен сурак күн эмне экенин кандай билмек элең?
İnfitar 82:18
Сен дагы сурак күнү эмне экенин кайдан билмек элең?
İnfitar 82:19
Ал күнү эч ким башка бирөөгө пайда келтире албайт. Ал күнү бүткүл иш башкаларга эмес, Аллахка гана таандык. Ал аны Өзү каалагандай кылат.
Mütaffifin 83:1
Таразадан алдагандарга кыйроо жана жоготуу болсун!
Mütaffifin 83:2
Алар башкалардан өлчөтүп алып жатканда, өз акыларын кемитпестен толук кылып алышат.
Mütaffifin 83:3
Өздөрү адамдарга өлчөп же таразага тартканда, өлчөмүн жана салмагын кемитип беришет. Пайгамбар Мединага көчүп барганга чейин мединалыктар ушундай абалда болушкан.
Mütaffifin 83:4
Бул күнөө ишти кылгандар Аллахка тирилип барабыз деп ишенишпейт бекен?
Mütaffifin 83:5
Улуу күндө сурак берүү жана жаза-сыйлык алуу үчүн. Анткени анда кыйынчылыктар жана коркунучтар бар.
Mütaffifin 83:6
Ал күнү адамдар сурак берүү үчүн бүткүл макулуктардын Раббисинин алдында турушат.
Mütaffifin 83:7
Абал силер өлүмдөн кийин кайра тирилүү болбойт деп элестеткендей эмес. Чындыгында каапыр жана эки жүздүү күнөөкөр адамдардын китептери эң төмөнкү жерде жоготууда болот.
Mütaffifin 83:8
Оо, пайгамбар! Сен Сижжин эмне экенин кандай билмек элең?
Mütaffifin 83:9
Алардын китептери жок кылынбастан жазылган, ага эч нерсе кошулбайт жана кемитилбейт.
Mütaffifin 83:10
Ал күнү жалганчыларга кыйроо жана жоготуу болсун!
Mütaffifin 83:11
Алар Аллах пенделерине дүйнөдө кылган иш-аракеттерине жараша сыйлык же жаза бере турган сурак күндү жалганга чыгаргандар.
Mütaffifin 83:12
Ал күндү Аллахтын чектеринен чыгып, көп күнөө кылган адамдар гана жалганга чыгарышат.
Mütaffifin 83:13
Эгерде ага элчибизге түшүргөн аяттарыбыз окулса: «Бул байыркы элдердин уламыштары. Ал Аллах тараптан эмес» – деп айтат.
Mütaffifin 83:14
Абал ал жалганчылар элестеткендей эмес. Тескерисинче, алардын кылган күнөөлөрү акылдарын ээлеп жаап калды. Ошондуктан жүрөктөрү менен акыйкатты көрүшкөн жок.
Mütaffifin 83:15
Акыйкатта алар кыямат күнү Раббисин көрүүдөн куру калышат.
Mütaffifin 83:16
Андан соң тозокко киришип, анын ысыктык азабын тартышат.
Mütaffifin 83:17
Кийин кыяматта аларды жемелөө максатта мындай деп айтылат: «Силер туш болгон бул азап – пайгамбарыңар дүйнөдө силерге ал жөнүндө айткан кезде жалган деген нерсеңер».
Mütaffifin 83:18
Абал силер ойлогондой сурак берүү да жок, сыйлык же жаза алуу да жок дегендей эмес. Чындыгында баш ийүүчү адамдардын китептери Иллийюнда.
Mütaffifin 83:19
Оо, Мухаммад! Сен Иллийюн деген эмне экенин кайдан билмек элең?
Mütaffifin 83:20
Алардын китептери жок кылынбастан жазылган, ага эч нерсе кошулбайт жана кемитилбейт.
Mütaffifin 83:21
Бул китепке ар бир асмандагы жакындатылган периштелер келишет.
Mütaffifin 83:22
Чындыгында ибадаттарды көп кылган адамдар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат.
Mütaffifin 83:23
Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Раббисине жана алардын жан дүйнөсүнө кубаныч тартуулаган бардык нерселерге назар салып олтурушат.
Mütaffifin 83:24
Аларды карай турган болсоң, сулуу жана жылдыздуу жүздөрүнөн жыргалчылыктын белгилерин көрөсүң.
Mütaffifin 83:25
Аларга кызматчылары идиштерине мөөр басылган шараптарды ичиришет.
Mütaffifin 83:26
Андан акырына чейин мисктин жыты буркурап турат. Мына ушул улуу сыйлык үчүн жарышуучулар Аллахты ыраазы кылган иш-аракеттерди кылып жана Анын каарын келтирген нерселерди таштоо менен жарышышсын.
Mütaffifin 83:27
Бул мөөр басылган ичимдик Тасним булагынан болот.
Mütaffifin 83:28
Ал бейиштин эң жогорусунда жайгашкан булак. Аны таза жана тунук абалда жакындатылгандар ичишет, ал эми жалпы ыймандуулар болсо аны башка аралашмасы менен ичишет.
Mütaffifin 83:29
Чындыгында каапырлыкта болуп, күнөө кылган адамдар ыйман келтиргендердин үстүнөн шылдыңдап күлүштү.
Mütaffifin 83:30
Ыймандуулардын жанынан өткөн кезде бири-бирине көз кысып мазакташты.
Mütaffifin 83:31
Ал эми үй-бүлөсүнө кайтышканда, каапырлыктарына жана ыймандууларды шылдыңдашканына кубанган бойдон кайтышты.
Mütaffifin 83:32
Эгер мусулмандарды көрүш калышса: «Чындыгында булар акыйкат жолдон адашкандар. Анткени алар ата-бабалардын дининен безишти» – деп айтышты.
Mütaffifin 83:33
Алар бул сөздү айткыдай, Аллах алардын иш-аракеттерин сактоону аларга тапшырган эмес.
Mütaffifin 83:34
Эми каапырлар дүйнөдө алардын үстүнөн күлүшкөндөй, ыймандуулар да кыямат күнү алардын үстүнөн күлүшөт.
Mütaffifin 83:35
Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Аллах аларга даярдаган түбөлүк жыргалчылыктарды карап олтурушат.
Mütaffifin 83:36
Каапырлар дүйнөдө кылган иштери үчүн кордоочу азап менен жазаланышты.
İnşikak 84:1
Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда.
İnşikak 84:2
Ал Раббисин баш ийип укту жана ал буга милдеттүү эле.
İnşikak 84:3
Жана Аллах жерди терини чойгон сыяктуу жайык кылып койгондо.
İnşikak 84:4
Ал ичиндеги кенчтерди жана өлүктөрдү чыгарып, алардан бошонду.
İnşikak 84:5
Ал Раббисин баш ийип укту жана ал буга милдеттүү эле.
İnşikak 84:6
Эй, инсан! Сен жакшылык же жамандык иштерди кыласың, кийин кыяматта Аллах сага алардын сыйлыгын же жазасын бериш үчүн аларга туш болосуң.
İnşikak 84:7
Кимдин иш-аракеттер баракчасы оң колуна берилсе,
İnşikak 84:8
Аллах анын сурагын өтө жеңил кылат. Ага иш-аракеттери жаза берилбестен көргөзүлөт.
İnşikak 84:9
Жана ал үй-бүлөсүнө кубанган бойдон кайтып келет.
İnşikak 84:10
Ал эми кимдин китеби сол жагынан же арка тарабынан берилсе,
İnşikak 84:11
ал өзүнө-өзү өлүм чакырат.
İnşikak 84:12
Жана тозок отуна кирип, анын ысыктык азабын тартат.
İnşikak 84:13
Чындыгында ал дүйнөдө үй-бүлөсү менен болгондо каапырлыгына жана күнөөлөрүнө кубанып жүрчү.
İnşikak 84:14
Ал өлгөндөн кийин кайра жашоого кайтам деп ойлочу эмес.
İnşikak 84:15
Жок! Аллах аны абалкы жолу жараткандай жашоого кайра сөзсүз алып келет. Акыйкатта Раббиси анын абалын көрүп турган. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында анын иш-аракеттеринин жазасын берет.
İnşikak 84:16
Аллах күн баткандан кийин мейкиндикте пайда болгон кызыл шоола менен ант берди.
İnşikak 84:17
Ошондой эле түн жана ал өзүнө топтогон нерселер менен ант берди.
İnşikak 84:18
Жана толук толгон кездеги Ай менен ант берди.
İnşikak 84:19
Оо, адамдар! Силер бел суу, кийин коюу кан, кийин бир үзүм эт, кийин жашоо, кийин өлүм, кийин кайра тирилүү сыяктуу бир абалдан башка абалга сөзсүз өтөсүңөр.
İnşikak 84:20
Каапырларга эмне болду, алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирбей жатышат?
İnşikak 84:21
Жана аларга Куран окулса, Раббисине сажда кылбай жатышат?
İnşikak 84:22
Тескерисинче, каапырлык кылгандар аларга пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарып жатышат.
İnşikak 84:23
Аллах алардын көкүрөктөрүндө эмне бар экенин жакшы билет. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес.
İnşikak 84:24
Оо, пайгамбар! Аларды кандай кыйноочу азап күтүп турганын айт.
İnşikak 84:25
Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга гана түгөнбөгөн сыйлык болгон бейиш бар.
Büruc 85:1
Аллах Күн менен Айдын жана башка нерселердин абалдарын өзүнө камтыган асман менен ант берди.
Büruc 85:2
Жана бүткүл макулуктарды чогултууну убада кылган кыямат күнү менен ант берди.
Büruc 85:3
Үммөтүнө күбө болгон пайгамбар жана пайгамбарына күбө болгон үммөт сыяктуу күбөлөр менен ант берди.
Büruc 85:4
Аябагандай чоң чуңкур казгандарга каргыш болсун!
Büruc 85:5
Алар ага от жагышты жана ыймандууларды ага тирүүлөй ыргытышты.
Büruc 85:6
Ошол кезде алар отко толгон ал чуңкурдун жээгинде олтурушту.
Büruc 85:7
Алар ал жерге келишкени себептүү ыймандууларга карата кылышкан азаптоого жана кыйноого күбө болушту.
Büruc 85:8
Ал каапырлардын ыймандууларга таккан бир гана айыбы – алар эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, бүткүл нерседе Макталуучу Аллахка ыйман келтиришкен болчу.
Büruc 85:9
Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Ал баарын Билүүчү. Пенделердин эч бир иши Ага жашыруун эмес.
Büruc 85:10
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жалгыз Аллахка ыйман келтирүүдөн буруу үчүн от менен азапташып, кийин ал күнөөлөрү үчүн Аллахка тообо кылбагандарга кыямат күнү тозок азабы бар. Жана алар ыймандууларды от менен өрттөшкөнүнүн жазасы катары аларды да күйгүзүүчү от азабы бар.
Büruc 85:11
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга даярдалган бул сыйлык – эч бир жеңиш тең келбегендей улуу жеңиш.
Büruc 85:12
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиңдин залымга мөөнөт бергенден кийин аны кармашы аябай күчтүү болот.
Büruc 85:13
Ал Өзү башында макулуктарды жана азапты жаратат, кийин ал экөөсүн кайрадан жаратат.
Büruc 85:14
Ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү жана Ал такыбалардан болгон сүйүктүүлөрүн жакшы көрөт.
Büruc 85:15
Улуу Арштын Ээси.
Büruc 85:16
Ал Өзү каалагандын күнөөлөрүн кечирип, каалаганын жазалоо менен Өз каалоосун ишке ашыруучу. Аны эч ким мажбурбай албайт.
Büruc 85:17
Оо, пайгамбар! Сага чындык менен күрөшүп, ага жол бербеш үчүн жоого аттанган жоокерлердин кабары келбиди?
Büruc 85:18
Фараон жана Салихтин коому Самуд тууралуу.
Büruc 85:19
Булардын ыйман келтирүүсүнө тоскоол болгон нерсе, аларга жалганчы коомдордун жана алардын кыйроосунун арты эмне болгондугу тууралуу кабар келбегендиктен эмес, тескерисинче, алар өздөрүнүн каалоолорун ээрчип, пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарышты.
Büruc 85:20
Аллах алардын иш-аракеттерин эсепке алып камтып турат. Алардын эч бир нерсесин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
Büruc 85:21
Куран жалганчылар айткан сыяктуу поэзия эмес, уйкашкан ыр саптары эмес. Ал – ыйык Куран.
Büruc 85:22
Өзгөртүүдөн, бурмалоодон, кошуудан жана кемитүүдөн сакталган Тактада (Лаухуль Махфузда).
Târık 86:1
Аллах асман менен ант берди жана түндөсү келүүчү жылдыз менен ант берди.
Târık 86:2
Оо, пайгамбар! Сен бул улуу жылдыздын абалы тууралуу кайдан билмек элең?
Târık 86:3
Ал жаркыраган жарыгы менен асманды тешип өткөн жылдыз.
Târık 86:4
Кайсы гана жан болбосун, Аллах кыямат күнү сурак алуу үчүн анын кылган иш-аракеттерин сактоочу бир периштени анын үстүнөн жоопкер кылган.
Târık 86:5
Эми инсан ага Аллахтын кудуреттүүлүгү жана инсандын алсыздыгы анык болуш үчүн Аллах аны эмнеден жараткандыгы тууралуу ой жүгүртүп көрсүн.
Târık 86:6
Аллах аны атылып чыгып, жатынга куюлуучу суудан жараткан.
Târık 86:7
Бул суу эркек кишинин омуртка сөөктөрү менен көкүрөк сөөктөрүнүн ортосунан чыгат.
Târık 86:8
Эгерде Ал аны ошол жийиркеничтүү суудан жараткан болсо, анда андан сурак алуу жана жаза же сыйлык берүү үчүн өлүмдөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү.
Târık 86:9
Ал күнү катылган сырлар сыналып, жүрөктө жышырылган ниеттер, ишенимдер жана башка нерселер ачыкка чыгат жана түз жүргөн адам менен бузуку адам айырмаланып калат.
Târık 86:10
Ал күнү инсан үчүн Аллахтын азабынан коргонгон күч-кубат да, ага жардам берген жардамчы да болбойт.
Târık 86:11
Аллах жамгырлуу асман менен ант берди. Анткени ал ошол тараптан кайра-кайра түшүп турат.
Târık 86:12
Ошондой эле өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер жана бак-дарактар жарып чыккан Жер менен ант берди.
Târık 86:13
Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран – акыйкат менен жалганды ажыратуучу сөз.
Târık 86:14
Ал оюн-тамаша же жалган эмес. Ал тамашасы жок чындык.
Târık 86:15
Чындыгында пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгаргандар анын дааватын токтотуу жана жокко чыгаруу максатта көптөгөн айла-амалдарды жасашат.
Târık 86:16
Мен дагы динди үстөм кылып, жалганды жок кылыш үчүн айла-амал кыламын.
Târık 86:17
Оо, пайгамбар! Ал каапырларды күтө тур, аларга бир аз мөөнөт бер. Алардын азабын жана кыйроосун шаштырба.
A'lâ 87:1
Жараткандарынан бийик болгон Раббиңди эскерип, Аны улуктаган кезде Анын ысымын айтып аруула!
A'lâ 87:2
Ал инсанды түз турпатта жаратты жана тулку боюн тең салмакта кылды.
A'lâ 87:3
Ал макулуктардын түрлөрүн, түркүмдөрүн жана сыпаттарын белгилеп, алардын ар бирин өзүнө ылайыктуу жана шайкеш келген нерсеге багыттады.
A'lâ 87:4
Ал жерден силердин мал-жандыктарыңар оттогон жайыттарды чыгарды.
A'lâ 87:5
Кийин аны жапжашыл болгондон кийин кургаган бозомтук кара чөпкө айлантты.
A'lâ 87:6
Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды окутабыз, аны көкүрөгүңө эч унутпай тургандай кылып топтойбуз. Сен эми буга чейин унутпай жаттап калайын деп аракет кылган сыяктуу Жебреил менен жарышып окуба.
A'lâ 87:7
Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандык себептүү андан унуттурууну каалаган нерселерди гана унутасың. Чындыгында Ал ачыкты да, жашыруунду да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
A'lâ 87:8
Жана Биз сага Аллах ыраазы болгон, сени бейишке киргизген иш-аракеттерди кылууңду жеңил кылабыз.
A'lâ 87:9
Андыктан сен Курандагы вахий кылынган нерселер менен адамдарга насаат айт жана эскертмеге кулак салуу мүмкүн болсо эле аларга эскерте бер.
A'lâ 87:10
Аллахтан корккон адамдар насааттарыңдан сабак алышат. Анткени ошолор насыйкаттан пайда алышат.
A'lâ 87:11
Каапыр адам болсо насааттан алыстап, андан качат. Анткени ал акыретте тозокко киргени үчүн эң бактысыз адамдардан болот.
A'lâ 87:12
Ал эбегейсиз чоң отко кирип, анын ысыктык азабын түбөлүк тартат.
A'lâ 87:13
Кийин ал тозокто түбөлүк калат. Ал жакта тарткан азаптан эс алыш үчүн өлбөйт жана татыктуу жакшы жашоодо да жашабайт.
A'lâ 87:14
Ким ширктен жана күнөөлөрдөн тазаланса, анда ал максатына ийгиликтүү жетти.
A'lâ 87:15
Ошондой эле шариятта келген түрлүү зикирлер менен Раббисин зикир кылса жана намазды талаптагыдай көрүнүштө толук аткарса (ийгиликке жетти).
A'lâ 87:16
Бирок силер дүйнө жашоосун акыреттен алдын коёсуңар жана ал экөөсүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктан улам дүйнөнү андан артык көрөсүңөр.
A'lâ 87:17
Бирок акырет дүйнөдөн жана андагы жыргалчылыктардан жана ырахаттардан жакшыраак, артыгыраак жана түбөлүктүү. Анткени андагы жыргалчылыктар эч качан түгөнбөйт.
A'lâ 87:18
Чынында, Биз силерге айткан бул буйруктар жана кабарлар Курандан мурун түшкөн баракчаларда бар.
A'lâ 87:19
Ал Ибрахим менен Мусага түшүрүлгөн баракчалар.
Gâşiye 88:1
Оо, пайгамбар! Сага адамдарды өз коркунучу менен ороп алган кыямат тууралуу кабар келдиби?
Gâşiye 88:2
Кыямат күнү адамдар же бактысыз, же бактылуу болушат. Бактысыздардын жүздөрү жер карап, кордукта болот.
Gâşiye 88:3
Алар чынжырлар менен сүйрөлүп, кишендер салынып, чарчаган жана жүдөгөн абалда болот.
Gâşiye 88:4
Ал жүздөр ысыктыгынан азап тарткан алоолонгон отко киришет.
Gâşiye 88:5
Аларга өтө ысык булактан суу ичирилет.
Gâşiye 88:6
Алар үчүн азык катары кургаганда уулуу болуп калган шибрик аттуу өсүмдүктөн да жийиркеничтүү жана сасык тамак-аш гана болот.
Gâşiye 88:7
Ал жеген адамды семиртпейт, курсагын да тойгузбайт.
Gâşiye 88:8
Ал күнү бактылуулар туш болгон жакшылыктар үчүн алардын жүздөрү жакшылыкта, шаттыкта жана кубанычта болот.
Gâşiye 88:9
Алар дүйнөдөгү кылган жакшылык иштерине ыраазы болуп, иш-аракеттеринин сообун эселеп сакталган абалда табышат.
Gâşiye 88:10
Бийиш даражалуу жана орундуу бейиште болушат.
Gâşiye 88:11
Бейиште арам сөз мында турсун, жалган жана пайдасыз сөздөрдү да угушпайт.
Gâşiye 88:12
Бул бейиште аккан булактар бар. Алар аны каалагандай чыгарып, каалагандай агыза алышат.
Gâşiye 88:13
Ал жакта бейик сөрүлөр бар.
Gâşiye 88:14
Ичүүгө даярдап коюлган чөйчөктөр бар.
Gâşiye 88:15
Ошондой эле ал жакта кыдырата тизилген жаздыктар бар.
Gâşiye 88:16
Жана ар кайсы жерде төшөлгөн килемдер бар.
Gâşiye 88:17
Алар Аллах төөнү кантип жаратканын жана аны адам баласына баш ийдирип койгонун ой жүгүртүп көрүшпөйбү?
Gâşiye 88:18
Алар асманга карашпайбы, Ал аны аларга кулап түшпөй тургандай, алардын үстүнөн коргоочу шып кылып кантип көтөрүп койду?
Gâşiye 88:19
Алар тоолорго карашпайбы, Ал аны адамдарды силкибеш үчүн кантип жерге бекем кылып орнотуп койду?
Gâşiye 88:20
Алар жерге карашпайбы, Ал аны адамдардын турукташуусуна ыңгайлуу болуш үчүн кантип жайык кылып койду?
Gâşiye 88:21
Оо, пайгамбар! Аларга эскерт жана аларды Аллахтын азабынан коркут. Чындыгында сен эскертүүчүсүң. Сенден аларга эскертүү гана талап кылынат. Ал эми аларга ыйманга келүүгө ийгилик берүү, Аллахтын гана колунда.
Gâşiye 88:22
Сен аларды ыйманга мажбур кылгыдай алардын үстүнөн бийлик кыла албайсың.
Gâşiye 88:23
Бирок алардан ким ыймандан жүз бурса, Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылса,
Gâşiye 88:24
Аллах аны кыямат күнү түбөлүк тозокко киргизүү менен чоң азап менен азаптайт.
Gâşiye 88:25
Чындыгында алар өлгөндөн кийин Бизге гана кайтышат.
Gâşiye 88:26
Андан соң алардын иш-аракеттеринин сурагын алуу Биздин мойнубузда, ал сенин жана сенден башкалардын мойнунда эмес.
Fecr 89:1
Аллах таң менен ант берди.
Fecr 89:2
Зуль-хижжа айынын баштапкы он күнү менен ант берди.
Fecr 89:3
Так жана жуп заттар менен ант берди.
Fecr 89:4
Ошондой эле кирген, уланган жана бүткөн түн менен ант берди. Жана бул анттардын максаты – силер иш-аракеттериңдин жазасын же сыйлыгын сөзсүз аласыңар.
Fecr 89:5
Бул айтылгандардын ичинде акылы бар адамды ынандыруучу ант бар бекен?
Fecr 89:6
Оо, пайгамбар! Раббиң Худдун коому Аад Анын элчисин жалганга чыгарышканда аларды кандай кылганын көргөн жоксуңбу?
Fecr 89:7
Чоң атасы Ирамга таандык болгон күч-кубаттуу Аад уруусу.
Fecr 89:8
Аларга окшогондорду Аллах эч бир шаарда жараткан эмес.
Fecr 89:9
Раббиң аска-зоолуу тоолорду оюп, алардан үйлөрдү жасаган Салихтин коому Самудду кандай кылганын көргөн жоксуңбу?
Fecr 89:10
Раббиң адамдар азапталуучу казыктарга ээлик кылган Фараонду кандай кылганын көргөн жоксуңбу?
Fecr 89:11
Булардын баарысы зулумдукта жана конкордукта чектен чыгып кетишти. Баарысы өз жеринде чектен чыгышты.
Fecr 89:12
Жана алар ал жакта каапырлыкты жана күнөөлөрдү жайылтуу менен бузукулукту көбөйтүштү.
Fecr 89:13
Ошондо Аллах аларга катаал азабын тарттырды жана жер бетинен тыптыйпыл жок кылды.
Fecr 89:14
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң адамдардын жакшылык кылгандарын бейиш менен сыйлап, жамандык кылгандарын тозок менен жазалаш үчүн алардын иш-аракеттерин байкап, аларга көз салып турат.
Fecr 89:15
Инсан табиятынан ушундай, эгерде Раббиси аны сынап, сый-урматка бөлөсө жана байлык, бала-чака, кадыр-барк берсе, анда ал бул нерселер Аллахтын алдындагы кадырлуулугунан деп ойлоп: «Мен Раббимдин сый-урматына татыктуу болгонум үчүн Ал мени урматтады» – деп айтат.
Fecr 89:16
Ал эми аны сынап, ырыскысын тар кылып койсо, муну Раббисинин алдында төмөн абалда болгондугу үчүн деп ойлоп: «Раббим мени кордоду» – деп айтат.
Fecr 89:17
Жок, абал бул инсан ойлогондой, жакшылыктар Аллахтын пендесине ыраазы болгондугунун далили, ал эми жамандыктар пенденин Раббисинин алдында төмөн экендигинин далили эмес. Бирок аныгында силер Аллахтын берген ырыскысынан жетимди сыйлабайсыңар.
Fecr 89:18
Жегенге эч нерсе таппаган кедей-кембагалдарды тойгузууга бири-бириңерди үндөбөйсүңөр.
Fecr 89:19
Жана адал жагына карабастан, алсыз аялдардын жана жетимдердин акысын сугалактык менен жейсиңер.
Fecr 89:20
Мал-мүлктү өтө жакшы көргөнүңөр үчүн аны ач көздүктөн Аллах жолуна сарптоодон сараңдык кыласыңар.
Fecr 89:21
Силер мындай кылбагыла! Эстегиле, жер катуу силкинип титирегенде.
Fecr 89:22
Оо, пайгамбар! Раббиң пенделеринин ортосун ажыратуу үчүн келгенде жана периштелер дагы сап-сап болуп тизилип келгенде.
Fecr 89:23
Ал күнү тозок алып келинет. Анын жетимиш миң чылбыры болот. Ар бир чылбырды жетимиш миң периште сүйрөйт. Ошол күнү инсан Аллахка карата кылган кайдыгерлигин эстейт, бирок ал күндө эстөө ага эч пайда келтирбейт. Анткени ал күн иш-аракет кыла турган күн эмес, сыйлык же жаза ала турган күн.
Fecr 89:24
Ал терең өкүнүчтөн мындай дейт: «Аттиң-ай! Чыныгы жашоо болгон акырет жашоомо алдын ала жакшылык иштерди кылсам болмок».
Fecr 89:25
Ал күнү Аллахтын азабындай эч ким азаптай албайт. Анткени Аллахтын азабы өтө катаал жана түбөлүктүү.
Fecr 89:26
Ал каапырларды чынжырлар менен байлагандай эч ким байлай албайт.
Fecr 89:27
Ал эми ыймандуу жанга өлүм келген кезде жана кыяматта мындай деп айтылат: «Оо, ыймандан жана жакшылык иштерден тынчтык тапкан жан!
Fecr 89:28
Сен алган улуу сыйлык үчүн Раббиңе ыраазы болуп жана кылган жакшылык иштериң үчүн Анын алдында ыраазылыкка жеткен абалда кайткын.
Fecr 89:29
Менин такыба пенделеримдин катарына кошулгун!
Fecr 89:30
Жана алар менен бирге Мен алар үчүн даярдап койгон бейишиме киргин!».
Beled 90:1
Аллах тыйылган шаар болгон ыйык Мекке менен ант берди.
Beled 90:2
Оо, пайгамбар! Сен үчүн ал жерде өлтүрүлүүгө татыктууну өлтүрүүгө, туткундалууга татыктууну туткундоого уруксат.
Beled 90:3
Аллах адамзаттын атасы менен ант берди жана андан таркаган урпактар менен ант берди.
Beled 90:4
Биз инсанды дүйнөдө тарткан кыйынчылыктар себептүү чарчоодо жана машакатта жараттык.
Beled 90:5
Эгерде инсан күнөө кылса, анда Раббиси аны жараткан болсо дагы ага эч кимдин күчү жетпейт жана өч ала албайт деп ойлойбу?
Beled 90:6
Ал: «Биринин үстүнө бири үйүлгөн мал-мүлк сарптадым» — деп айтат.
Beled 90:7
Бул мактанчаак Аллах анын сарптаганын көрбөйт деп жана мал-мүлкүн кайдан таап, кайда сарптаганы үчүн сурак албайт деп ойлоп жатабы?
Beled 90:8
Биз ага көрүүчү эки көз бербедикпи?
Beled 90:9
Сүйлөөчү тил жана эки эрин бербедикпи?
Beled 90:10
Жана Биз ага жакшылык жана жамандык жолду тааныттык.
Beled 90:11
Аны бейиштен бөлүп турган тоскоолдуктан өтүүсү талап кылынганына карабастан, ал аны кесип өтпөйт.
Beled 90:12
Оо, пайгамбар! Ал бейишке кирүү үчүн кандай тоскоолдуктан өтүшү керек экенин кайдан билесиң?
Beled 90:13
Ал эркек же аял кулду азат кылуу.
Beled 90:14
Же азык-түлүк тартыш болгон ачарчылык күндө тамак-аш берүү.
Beled 90:15
Тууганчылыгы бар атасы жок балага.
Beled 90:16
Же эч нерсеге ээлик кылбаган кедейге.
Beled 90:17
Кийин ал Аллахка ыйман келтирип, бири-бирин ибадаттарга, күнөөлөргө жана сыноолорго сабырдуу болууга жана ошондой эле бири-бирин Аллахтын пенделерине мээримдүү болууга осуят кылгандардан болгон.
Beled 90:18
Мына ушул сыпаттагы адамдар оң тарап ээлери.
Beled 90:19
Ал эми элчибизге түшүргөн аяттарга каапырлык кылгандар – алар сол тарап ээлери.
Beled 90:20
Кыямат күнү алардын үстүнөн жабылган от бар. Алар ал жакта азапталышат.
Şems 91:1
Аллах Күн менен ант берди жана ал чыгыш тараптан чыккандан кийин көтөрүлгөн убактысы менен ант берди.
Şems 91:2
Жана ал баткандан кийин анын артынан ээрчиген Ай менен ант берди.
Şems 91:3
Жер бетиндеги нерселерди өз жарыгы менен ачык кылып көргөзгөн күндүз менен ант берди.
Şems 91:4
Жер бетин каптап, караңгыга айланган түн менен ант берди.
Şems 91:5
Асман менен жана анын кылдаат курулушу менен ант берди.
Şems 91:6
Жер менен ант берди жана адамдар ага жашаш үчүн анын жайыктыгы менен ант берди.
Şems 91:7
Ар бир жан менен ант берди жана Аллах аны түз турпатта жаратканы менен ант берди.
Şems 91:8
Ага ташташ керек болгон жаман нерсени жана аткарыш керек болгон жакшы нерсени үйрөтпөстөн түшүндүрүп койду.
Şems 91:9
Кимде-ким жакшы сапаттарга ээ болуп жана жаман сапаттардан арылып, жан дүйнөсүн тазалаган болсо, анда ал көздөгөнүнө жетти.
Şems 91:10
Кимде-ким өзүн күнөөлөргө жана жамандык иштерге жашырса, анда ал зыянга учурады.
Şems 91:11
Самуд коому күнөөлөрдү жана жамандык иштерди кылып чектен чыгышканы себептүү пайгамбары Салихти жалганга чыгарышты.
Şems 91:12
Анан алардын эң бактысызы элинин дайындоосу менен ордунан турган кезде.
Şems 91:13
Аллахтын элчиси Салих аларга: «Аллахтын төөсүнө жана анын суу ичкен күнүнө тийишпегиле жана ага зыян келтирбегиле» – деди.
Şems 91:14
Алар пайгамбарынын төө тууралуу айтканын жалган дешип, арасындагы эң бактысызы алардын ыраазылыгы менен аны өлтүрүп салды жана алар күнөөгө шерик болушту. Ошондо Аллах аларга азабын түшүрүп, аларды күнөөлөрү себептүү кыйкырык менен өлтүрдү жана аларды кыйроого дуушар кылган жазаны баарына бирдей кылды.
Şems 91:15
Аллах аларды кыйратып жок кылган азапты кылып, анын кесепеттеринен корккон жок.
Leyl 92:1
Аллах асман менен жердин ортосун караңгылыгы менен каптаган түн менен ант берди.
Leyl 92:2
Жана ачылган күндүз менен ант берди.
Leyl 92:3
Ал эки түрдө жараткан эркек жана аял менен ант берди.
Leyl 92:4
Оо, адамдар! Чындыгында силердин иш-аракеттериңер ар башка, алардын арасында бейишке кирүүгө себеп болгон жакшылык иштер бар жана тозокко кирүүгө себеп болгон жамандык иштер бар.
Leyl 92:5
Кимде-ким зекет берүү, каржылоо жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон талаптар сыяктуу сарптоого милдеттүү болгон нерсени берсе, Аллах тыйган нерседен корксо,
Leyl 92:6
жана Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсеге ишенсе,
Leyl 92:7
анда Биз ага жакшылык иштерди кылууну жана Аллах жолуна сарп кылууну жеңил кылабыз.
Leyl 92:8
Ал эми ким мал-мүлкүнө сараңдык кылып, сарптоого милдеттүү болгон нерсени бербесе, байлыгы себептүү Аллахка муктаж эмесмин деп, Анын жакшылыктарынан эч нерсе сурабаса,
Leyl 92:9
Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсени жана Анын жолуна сарптаган мал-мүлкүнүн сообун жалган десе,
Leyl 92:10
анда Биз ага жамандыкты жеңил кылып, жакшылыкты оор кылып коёбуз.
Leyl 92:11
Ал өлүп, тозокко киргенде анын сараңдык кылган байлыгы ага эч кандай пайда келтирбейт.
Leyl 92:12
Акыйкат жолду жалгандан айырмалап көргөзүп берүү – Биздин милдет.
Leyl 92:13
Чындыгында акырет жашоосу да, дүйнө жашоосу да Бизге гана таандык. Биз ал экөөсүндө каалаганыбызды кылабыз, бул нерсе Бизден башка эч кимге таандык эмес.
Leyl 92:14
Оо, адамдар! Аллахка баш ийбестик кылсаңар, анда мен силерге күйүп турган отту эскерттим.
Leyl 92:15
Бул тозоктун ысыктык азабын каапыр болгон бактысыз гана тартат.
Leyl 92:16
Ал пайгамбар алып келгенди жалганга чыгарып, Аллахтын буйругуна баш ийүүдөн жүз бурду.
Leyl 92:17
Андан адамдардын эң такыбасы Абу Бакр гана алыс болот.
Leyl 92:18
Ал күнөөлөрдөн тазаланыш үчүн мал-мүлкүн жакшылык жолдорго жумшайт.
Leyl 92:19
Ал эч ким жете албагандай сыйлыкка жетиш үчүн мал-мүлкүн сарптайт.
Leyl 92:20
Ал сарптаган мал-мүлкү менен жараткандарынан бийик болгон Раббисинин Жүзүн гана каалайт.
Leyl 92:21
Ал жакында Аллахтын ага берген улуу сыйлыгына ыраазы болот.
Duhâ 93:1
Аллах күндүн баштапкы убактысы менен ант берди.
Duhâ 93:2
Жана кыймыл-аракет токтоп, адамдар тынчыган караңгы түн менен ант берди.
Duhâ 93:3
Оо, пайгамбар! Вахий басаңдап калганда мушриктер айткандай Раббиң сени таштаган жок жана сени жек көргөн жок.
Duhâ 93:4
Сен үчүн акырет жашоосу дүйнөдөн жакшыраак. Анткени анда түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар бар.
Duhâ 93:5
Жакында Раббиң сага жана үммөтүңө улуу сыйлыкты берет, ошондо сен жана үммөтүң Анын бергенине ыраазы болосуңар.
Duhâ 93:6
Ал сени атаң кайтыш болуп калган кичине кезиңде тапты. Анан сага чоң атаң Абдулмутталипти, кийин абаң Абу Талипти сага башпаанек кылды.
Duhâ 93:7
Ал сени китеп эмне экенин, ыйман эмне экенин билбеген абалда таап, сага андагы билбеген нерселериңди үйрөттү.
Duhâ 93:8
Жана сени кедей абалда таап, кийин сени байытты.
Duhâ 93:9
Жаш кезинде атасынан ажыраган адамга жаман мамиле кылба жана аны кордобо.
Duhâ 93:10
Жана муктаждыгын сурап келген адамды кууба.
Duhâ 93:11
Жана Аллахтын сага берген жакшылыктарына шүгүр кыл жана алар тууралуу айт.
İnşirah 94:1
Аллах сенин көкүрөгүңдү кең кылып жана сага вахий кабыл алууну сүйүктүү кылды.
İnşirah 94:2
Сенин мурдагы күнөөлөрүндү кечирип, жахилият учурундагы кыйынчылыктарыңды моюнуңдан жеңилдеттик.
İnşirah 94:3
котолулбай калган
İnşirah 94:4
Жана сенин атагыңды чыгаруу – Биздин милдет. Анткени сен азанда, кооматта жана башка учурларда эскерилесиң.
İnşirah 94:5
Албетте, кыйынчылык жана кысылуу менен бирге жеңилдик кененчилик жана кутулуу да бар.
İnşirah 94:6
Албетте, кыйынчылык жана кысылуу менен бирге жеңилдик кененчилик жана кутулуу да бар. Эгер сен муну билсең, коомуңдун жамандыгы сени коркутпайт жана Аллахка чакыруудан тыя албайт.
İnşirah 94:7
Эгерде иштериңди бүтүрүп, бошогон болсоң, Раббиңе ибадат кылууга аракет кыл.
İnşirah 94:8
Каалоолоруңду жана максатыңды жалгыз Аллахка гана кыл.
Tin 95:1
Аллах анжир жана ал өскөн жер менен ант берди. Ошондой эле зайтун жана ал өскөн Палестина жергеси менен ант берди. Ал жерде Иса пайгамбар болуп жиберилген.
Tin 95:2
Жана Муса пайгамбар Раббиси менен мунажат кылган Синай тоосу менен ант берди.
Tin 95:3
Жана кирген адам коопсуз болгон ыйык Мекке шаары менен ант берди. Ал жерде Мухаммад пайгамбар болуп жиберилген.
Tin 95:4
Чындыгында Биз инсанды келишкен турпатта жана эң сонун келбетте жараттык.
Tin 95:5
Андан кийин Биз аны дүйнөдө карылыкка жана акыл-эстен тайган абалга кайтардык, ошондо ал табияты бузулгандыгынан пайда көрбөгөнү сыяктуу денесинен да пайда көрбөйт жана тозокко барат.
Tin 95:6
Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар каарыса да алар үчүн түгөнбөгөн түбөлүктүү сыйлык болгон бейиш бар. Анткени алар табияттарын тазартышты.
Tin 95:7
Эй, инсан! Анын кудуреттүүлүгүнүн көптөгөн белгилерин көргөндөн кийин сыйлык жана жаза күнүн жалганга чыгарууга сага эмне түрткү берди?
Tin 95:8
Кыямат күнүн сыйлык жана жаза күн кылган Аллах – эң даанышман жана эң адилеттүү өкүмдар эмеспи? Аллах жакшылык кылуучуга сыйлыгын жана жамандык кылуучуга жазасын бербестен, пенделеринин ортосунда өкүм кылбастан, аларды жөн эле таштап койгону акылга сыймак беле?
Alak 96:1
Оо, пайгамбар! Бүткүл макулуктарды жараткан Раббиңдин ысымы менен баштап, Аллах сага вахий кылган нерсени оку.
Alak 96:2
Ал инсанды бел суу болгондон кийин уюган бир бүртүк кандан жаратты.
Alak 96:3
Оо, пайгамбар! Аллах сага вахий кылган нерсени оку. Сенин Раббиң эң Жоомарт. Анын жоомарттыгына эч бир жоомарт тең келбейт, Анын берешендиги жана айкөлдүгү чексиз.
Alak 96:4
Ал инсанга кол жазманы жана калем менен жазууну үйрөттү.
Alak 96:5
Ал инсанга билбегенин үйрөттү.
Alak 96:6
Акыйкатта, бузуку адам Аллахтын чектеринен чыгууда Абу Жахл сыяктуу чектен чыгып кетет.
Alak 96:7
Анткени ал колундагы мал-мүлк жана бийлик себептүү өзүн беймуктажмын деп көрөт.
Alak 96:8
Эй, инсан! Кыямат күнү Раббиңе гана кайтуу болот. Ошондо Ал ар бирине өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет.
Alak 96:9
Тыйып жаткан Абу Жахлдын ишинен да таң калыштуу нерсени көргөн белең?!
Alak 96:10
Ал Биздин кулубуз Мухаммадды Каабанын жанында намаз окуудан тыйып жатат.
Alak 96:11
Кандай ойлойсуң, ошол тыйылган адам Раббиси тараптан акыйкат жолдо жана туура аңдоодо болсочу?!
Alak 96:12
Же ал адамдарды Аллахтын буйругун аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан коркууга чакырып жаткан болсо, ушундай кылган адамды тыйган болобу?
Alak 96:13
Эгер ошол тыйып жаткан адам пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгарып, андан баш тартса, эмне дейсиң? Ал Аллахтан коркпойбу?
Alak 96:14
Бул пендени намаздан тыйган адам Аллах анын кылганын көрүп турарын жана Ага анын эч бир нерсеси жашыруун эмес экенин билбейби?
Alak 96:15
Абал бул наадан ойлогондой эмес! Эгер ал пендебизге жамандык кылганын жана аны жалганга чыгарганын токтотпосо, Биз аны катаалдык менен тозокко маңдайынан кармап сүйрөп барабыз.
Alak 96:16
Ошол маңдайдын ээси сөзүндө жалганчы, аракети туура эмес.
Alak 96:17
Ал маңдайы менен тозокко түшкөндө, аны азаптан куткаруу үчүн жоро-жолдошторунан жана чогу олтургандардан жардам сурап дуба кылсын.
Alak 96:18
Биз болсо Аллахтын буйругуна баш ийген жана буйрулган нерселерди аткарган тозоктун сакчылары болгон орой периштелерди чакырабыз. Эми ал эки тараптын кайсыны күчтүү жана кудуреттүү экенин көрсүн!
Alak 96:19
Абал – бул залым сага жамандык кылам деп ойлогондой эмес! Анын буйругуна да, тыюусуна да баш ийбе, Аллахка сажда кыл жана Ага ибадаттарды кылып жакында. Чындыгында алар сени Ага жакындатат.
Kadr 97:1
Чындыгында Биз Куранды дүйнө асманына жалпылай түшүрдүк. Ошол сыяктуу эле аны Рамазан айында Кадыр түндө пайгамбарга түшүрүп баштадык.
Kadr 97:2
Оо, пайгамбар! Бул түндө кандай жакшылыктар жана берекелер бар экенин билесиңби?
Kadr 97:3
Бул түн – улуу жакшылыктар түнү. Ал – ыйман келтирип, сооп үмүт кылуу менен намаз окуп тоскон адам үчүн миң айдан артык.
Kadr 97:4
Ал түнү ырыскыга же өлүмгө же төрөлүүгө же башка ушуга окшогон Аллах тагдыр кылган нерселерге байланыштуу ошол жылга карата өкүм кылынуучу бүткүл иштер боюнча Аллахтын уруксаты менен периштелер жана Жебреил түшөт.
Kadr 97:5
Бул куттуу түн – таң атканга чейин баштан-аяк бүт баарысы жакшылык.
Beyyine 98:1
Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырларга ачык-айкын далил келмейинче, алардын каапырлыкка болгон биримдиги жана макулдашуусу ыдыраган жок.
Beyyine 98:2
Бул ачык-айкын далил – таза адамдар гана кармай турган таза барактарды окуп берүү үчүн жиберилген Аллахтан келген элчи.
Beyyine 98:3
Ал барактарда адамдарды тууралыкка жана алар үчүн пайдалуу нерселерге багыттаган акыйкат кабарлар жана адилет өкүмдөр бар.
Beyyine 98:4
Тоорат берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар Аллах аларга Өзүнүн пайгамбарын жибергенден кийин гана талашып-тартышып башташты. Алардын кээ бирлери Исламды кабыл алды, кээ бирлери пайгамбардын чынчылдыгын билсе да каапырлыгынан баш тарткан жок.
Beyyine 98:5
Жөөттөр менен христиандардын күнөөсү жана баш ийбестиги ачык көрүнүп турат, аларга өз китептеринде буйрулгандай жалгыз Аллахка сыйынуу, ширктен алыс болуу, намаз окуу жана зекет берүү сыяктуу нерселерге бул Куранда да буйрулушкан. Аларга буйрулган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура дин.
Beyyine 98:6
Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырлар кыямат күнү тозокко кирип, ал жакта түбөлүк калышат. Мына ошолор Аллахка кылган каапырлыктары жана Анын элчисин жалганга чыгарышканы себептүү жаратылгандардын эң жаманы.
Beyyine 98:7
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар – ошолор жаратылгандардын эң жакшысы.
Beyyine 98:8
Алардын Раббисинин алдындагы сыйлыктары – хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштер. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар Аллахка ыйман келтирип, моюн сунушканы себептүү Ал алардан ыраазы болду жана алар дагы Анын ырайымына жетишкени себептүү Андан ыраазы болушту. Мындай ырайымдуулукка Раббисинен корккондор гана жетишет. Андыктан Анын буйругун аткар жана тыйганын ташта.
Zilzal 99:1
Кыямат күнү Жер катуу титирегенде,
Zilzal 99:2
Жер өз ичиндеги өлүктөрдү жана башка нерселерди сыртка чыгарганда,
Zilzal 99:3
инсан дендароо болуп: «Эмнеге Жер титиреп, силкилдеп жатат?» – дейт.
Zilzal 99:4
Ошол улуу күндө Жер анын үстүндө кылынган жакшылыктар жана жамандыктар жөнүндө кабар берет.
Zilzal 99:5
Анткени Аллах ага аны билдирди жана буйруду.
Zilzal 99:6
Ошол улуу күндө жер титиреп, адамдар дүйнөдө кылган иш-аракеттерин көрүш үчүн топ-топ болуп сурак майданынан чыгышат.
Zilzal 99:7
Кимде-ким кичинекей кумурсканын салмагындай жакшылык иштерди кылса, аны алдынан көрөт.
Zilzal 99:8
Кимде-ким кичинекей кумурсканын салмагындай жамандык кылса, анын да натыйжасын көрөт.
Adiyat 100:1
Аллах катуу чуркаганда дем алганы угулган тулпарлар менен ант берди.
Adiyat 100:2
Жана туяктары ташка катуу тийгенде от чачыраган тулпарлар менен ант берди.
Adiyat 100:3
Жана таң заарда душманга чабуул койгон тулпарлар менен ант берди.
Adiyat 100:4
Ошондо алар жүгүрүктөрү менен чаңды сапырып жиберишти.
Adiyat 100:5
Андан соң атчандар душмандын жоон тобун жарып киришти.
Adiyat 100:6
Чындыгында инсан Раббиси андан каалаган жакшылыктан баш тартуучу.
Adiyat 100:7
Ал жакшылыктан баш тартканына өзү күбө. Ал ачык эле көрүнгөнү үчүн аны тана албайт.
Adiyat 100:8
Ал байлыкты ашыкча сүйгөнү үчүн сараңдык кылат.
Adiyat 100:9
Бул дүйнө жашоосуна алданган адам, эгер Аллах өлүктөрдү кабырлардан тирилтип, аларды сурак, сыйлык жана жаза үчүн жерден чыгарганда абал ал ойлогондой болбосун билбейби?
Adiyat 100:10
Жүрөктөрдөгү ниеттер, ишенимден жана башка нерселер ачыкка чыкканда.
Adiyat 100:11
Чындыгында алардын Раббиси ал күнү алардан кабардар. Пенделеринин эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет.
Karia 101:1
Катуу коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган кыямат сааты.
Karia 101:2
Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат сааты деген эмне?
Karia 101:3
Оо, пайгамбар! Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат саатын сен кайдан билмек элең? Чындыгында ал – кыямат күн.
Karia 101:4
Адамдардын жүрөк үшүн алган күндө алар чар тарапка чачыраган көпөлөктөр сыяктуу болуп калышат.
Karia 101:5
Жана тоолор тез жүрүшүндө жана кыймылында тытылган жүн сыяктуу болуп калат.
Karia 101:6
Кимдин жакшылык иштери жамандык иштеринен басымдуу болсо,
Karia 101:7
анда ал бейиште көңүлдөгүдөй жашоодо болот.
Karia 101:8
Ал эми кимдин жамандык иштери жакшылык иштеринен басымдуу болсо,
Karia 101:9
анда анын кыямат күндөгү турак жайы тозок болот.
Karia 101:10
Оо, пайгамбар! Ал эмне экенин сен кандай билмек элең?
Karia 101:11
Ал – абдан ысык тозок.
Tekâsür 102:1
Оо, адамдар! Мал-мүлк жана бала-чака менен мактануу силерди Аллахка моюн сунуудан алаксытып койду.
Tekâsür 102:2
Силер өлүп, кабырга киргенге чейин.
Tekâsür 102:3
Аны менен мактануу Аллахка моюн сунуудан силерди алаксытпаш керек болчу. Силер ошол алек болгонуңардын акыбетин жакында билесиңер.
Tekâsür 102:4
Кийин анын акыбетин дагы билесиңер.
Tekâsür 102:5
Чындыгында силер Аллахка тирилип барарыңарды жана иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын аларыңарды чындап билгениңерде, анда силер мал-мүлк жана бала-чаканы айтып мактануу менен алек болбойт элеңер.
Tekâsür 102:6
Аллахка ант болсун! Силер кыямат күнү тозокту сөзсүз көрөсүңөр.
Tekâsür 102:7
Андан соң силер аны эч кандай шек-күмөнү жок анык көрөсүңөр.
Tekâsür 102:8
Андан соң ал күнү Аллах силерге берген ден-соолук, байлык жана башка жакшылыктар тууралуу сөзсүз сурак алат.
Asr 103:1
Аллах таала асыр убактысы менен ант берди.
Asr 103:2
Чындыгында инсан кемүүдө жана кыйроодо.
Asr 103:3
Бирок Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргендер, жакшылык иштерди кылгандар, бири-бирине акыйкатты осуят кылгандар жана акыйкатка сабыр кылгандар – ушундай сыпаттагы адамдар гана дүйнө жашоосунда жана акыретте аман калышат.
Hümezeh 104:1
Адамдарды көп ушактагандарга жана аларды жаманатты кылгандарга кыйроо жана катаал азап болсун!
Hümezeh 104:2
Анын бүткүл ою байлык топтоо жана аны эсептөө, анын андан башка ою жок.
Hümezeh 104:3
Ал чогулткан байлыгы аны өлүмдөн куткарып, дүйнө жашоосунда түбөлүк калам деп ойлойт.
Hümezeh 104:4
Абал бул наадан ойлогондой эмес. Аны тозок отуна ыргыткыла! Ал андагы азаптын катаалдыгынан улам ага ташталган бардык нерселерди майдалап, таш-талканын чыгарат.
Hümezeh 104:5
Оо, пайгамбар! Ага ташталгандардын баарысын жок кылган бул тозок эмне экенин кайдан билмек элең?
Hümezeh 104:6
Ал — Аллахтын алоолонгон тозогу.
Hümezeh 104:7
Ал адамдардын денесинен жүрөктөрүнө тешип кирет.
Hümezeh 104:8
Чындыгында ал анын ичинде азапталгандар үчүн жабык.
Hümezeh 104:9
Алар ал жактан чыгып кетпеш үчүн узун устундар менен бекемделген.
Fil 105:1
Оо, пайгамбар! Пил ээлери болгон Абраха жана анын жан жөкөрлөрү Каабаны талкалоону каалаганда Раббиң аларды эмне кылганын билбедиңби?
Fil 105:2
Аллах алардын аны талкалайбыз деген жаман ойлорун текке кетирди. Алар адамдарды Каабадан бурабыз деген тилектерине жетишпеди жана андан эч нерсе ала алышпады.
Fil 105:3
Аларга топ-тобу менен келген канаттууларды жиберди.
Fil 105:4
Аларга каткан чопо таштарды ыргытышты.
Fil 105:5
Аллах аларды малдар тебелеп тепсеп жеген эгин жалбырактарындай кылып койду.
Kureyş 106:1
Курайштын салты жана ынтымагы үчүн!
Kureyş 106:2
Алардын бейпилдикте Йеменге карай кышкы сапары жана Шамга карай жайкы сапары үчүн!
Kureyş 106:3
Эми силер үчүн бул сапарды жеңил кылган ушул ыйык Үйдүн Раббисине гана сыйынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла!
Kureyş 106:4
Ал арабдардын жүрөктөрүнө ыйык жерге жана анын жашоочуларына карата болгон улуктоону салып, силерди ачкачылыкта тамактандырды жана коркунучтан сактады.
Mâûn 107:1
Кыямат күнүндөгү суракты ким жокко чыгарарын билесиңби?
Mâûn 107:2
Ал муктаж болуп турган жетимди оройлук менен түрткөн адам.
Mâûn 107:3
Ал өзүн дагы, башкаларды дагы кедей-кембагалдарды тамактандырууга чакырбайт.
Mâûn 107:4
Намаздарына маани бербеген, убактысы өтүп баратса да шашылбаган намаз окуучулардын азабы тууралуу (айтылган).
Mâûn 107:5
Намаздарына маани бербеген, убактысы өтүп баратса да шашылбаган намаз окуучулардын азабы тууралуу (айтылган).
Mâûn 107:6
Алар намаздарын жана иш-аракеттерин көрүнүш үчүн кылышат. Иш-аракеттеринде Аллахка ыкластуулук кылышпайт.
Mâûn 107:7
Жана жардам берүүдө эч кандай зыян келтирбеген нерселерде да башкаларга жардам беришпейт.
Kevser 108:1
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сага көп жакшылыктарды бердик жана алардын арасында бейиштеги Каусар дарыясы да бар.
Kevser 108:2
Сен мушриктердин өз кудайларына жакындоо үчүн кылган курмандыгына каршылык максатта жалгыз Аллах үчүн намаз окуп жана курмандык чалуу менен бул жакшылык үчүн шүгүр кыл.
Kevser 108:3
Сени жек көргөн адам – ал бүткүл жакшылыктардан куру калган, аты аталса да жамандык менен аталып унутта кала турган адам.
Kâfirun 109:1
Оо, пайгамбар! Айткын: «Эй, Аллахка каапырлык кылгандар!
Kâfirun 109:2
Мен азыр да, келечекте да силер сыйынган кудайларга сыйынбаймын.
Kâfirun 109:3
Силер дагы мен сыйынган жалгыз Аллахка сыйынбайсыңар.
Kâfirun 109:4
Мен дагы силер сыйынган кудайларга сыйынбаймын.
Kâfirun 109:5
Силер дагы мен сыйынган жалгыз Аллахка сыйынбайсыңар.
Kâfirun 109:6
Силер ойлоп тапкан диниңер – өзүңөр үчүн, Аллах мага түшүргөн дин – мен үчүн».
Nasr 110:1
Оо, пайгамбар! Сенин диниңе Аллахтын жеңиши, аны күч-кубаттуу кылуусу келсе жана Меккени багындыруу ишке ашса
Nasr 110:2
жана адамдар биринин артынан бири топ-топ болуп Исламга кирип жатканын көрсөң,
Nasr 110:3
анда бул сен жиберилген иштин аяктап баратканынын белгиси экенин билгин. Эми сен жеңиш жана багындыруу жакшылыгына шүгүр кылып, Раббиңе мактоолорду айтып аруула жана Андан кечирим сура. Чындыгында ал пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, тооболорун кабыл кылуучу.
Tebbet 111:1
Пайгамбардын абасы Абу Лахаб ибн Абдулмутталибдин кылган иштери себептүү колдору курусун. Анткени ал пайгамбарга зыян берди. Анын кылган аракети таш капсын.
Tebbet 111:2
Ага байлыгы жана бала-чакасы кайсы нерседе пайда берди? Алар аны азаптан коргой албайт жана ага эч кандай ырайым да алып келбейт.
Tebbet 111:3
Ал кыямат күнү жалындаган тозокко кирет, анын ысыктык азабын тартат.
Tebbet 111:4
Жана анын аялы Умму Жамил дагы тозокко кирет. Анткени ал пайгамбар баскан жолдорго тикенектерди таштап зыян берчи.
Tebbet 111:5
Аны мойнунда бекем түйүлгөн жип бар, ал аны тозокко карай алып барат.
İhlas 112:1
Оо, пайгамбар! Айткын: «Ал – Аллах жалгыз сыйынууга татыктуу, Андан башка кудай жок.
İhlas 112:2
Ал – кемчиликсиз жана көркөм сыпаттардагы башкаруу Ага таандык болгон, макулуктар Ага гана бет алган Башчы.
İhlas 112:3
Ал эч кимди төрөбөгөн жана эч кимден төрөлбөгөн. Аллах тааланын баласы да, атасы да жок.
İhlas 112:4
Жараткандарынын эч бири Ага окшош эмес.
Felak 113:1
Оо, пайгамбар! Айткын: «Таңдын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.
Felak 113:2
Зыяндуу макулуктардын жамандыгынан.
Felak 113:3
Түн ичинде пайда болгон айбандар жана уурулар сыяктуу жамандыктардан Аллахтан коргоо сураймын.
Felak 113:4
Түйүндөрдү дубалап үйлөгөн сыйкырчылардын жамандыгынан коргоо сураймын.
Felak 113:5
Көрө албастыкка түрткөн ишти кылган кезде көрө албастык кылган адамдын жамандыгынан коргоо сураймын.
Nas 114:1
Оо, пайгамбар! Айткын: «Адамдардын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.
Nas 114:2
Адамдар үчүн Андан башка Падыша болбогон, аларды Өзү каалагандай башкарган алардын Падышасынан.
Nas 114:3
Ал – алардын чыныгы кудайы. Алар үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
Nas 114:4
Адам Аллахты унутканда азгырык салган жана Аллахты эстеген кезде андан алыстаган шайтандын жамандыгынан.
Nas 114:5
Ал адамдардын жүрөктөрүнө азгырык салат.
Nas 114:6
Ал жиндерден болгон сыяктуу адамзаттан да болот».